Ош шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги өттү

Мелдешке 12 салмак категориясы боюнча Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашуун спортчу кыз-жигиттер катышты. Турнирдин жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Ош шаарында зооноздук оорулар боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү талкууланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында зооноздук жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү. Аталган иш-чара калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган темаларды талкулоо, айрым көйгөйлөр боюнча биргеликте чечимдерди чыгаруу максатында өткөрүлдү. Жыйынга, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Ливиу Ведраско, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун […]
Ош шаарында жарнамаларды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат

Бүгүн 19-ноябрда, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын, Монополияга каршы кызматынын өкүлдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда шаардын сырткы көрүнүшүн иретке салуу жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында И.Разаков […]
Ош шаарынын мэри кытайлык куруучулар менен жолугушту

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынан келген курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар заманбап, талаптарга ылайык шаар инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы кичи райондорду куруу боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Коноктор шаардын инфраструктурасын жана административдик-территориялык реформанын алкагында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгы менен […]
Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, сунуш, кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын аппаратынын өкүлдөрү жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жарандар негизинен жылуулук, материалдык жардам көрсөтүү, жер, ипотекалык шартта турак жай алуу, мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, тамактануучу жайлардын санитардык абалы, жаңыдан курулуп жаткан базардан орун алуу […]
Ош шаары Сиань (Кытай Эл Республикасы) шаары менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрөт

Бүгүн, 18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарынын Элдик саясий кеңешинин төрагасы мырза Ван Жидэ баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда тараптар соода-экономика, туризм, билим берүү, маданият тармактарында тажрыйба алмашуу, айыл чарбасында технологияларды өнүктүрүү жана экология жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты. Жыйынтыгында Ош жана Сиань шаарларынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү […]
Ош шаарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтүп жатат

Бүгүн 17-ноябрда шаардагы 102 шайлоо тилкеси жана бир аралыктан добуш берүү тилкеси саат 08:00дө толук ачылды. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 8,3% же 19 миң 320 адам добуш берди. Ал эми аралыктан добуш берүү тилкесинде 176 шайлоочу же 21,8% добуш берди. Жалпысынан Ош шаарында 235 миң 452 шайлоочу болсо, аралыктан добуш берүүгө 809 шайлоочу катталган. Шайлоо […]
Ош шаарында ЖК депутаттарынын катышуусунда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү маселеси талкууланды

КР “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына “Аял ишкердиги” аныктамасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө малымдоого арналган тегерек стол өттү. Тегерек столго Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Жогорку Кеңешинин депутаттары Элдар Абакиров, Жалолидин Нурбаев, «Демилгелүү айымдар» Коалициясынын Башкаруу органынын төрайымы Азиза Юлдашева, эксперттер катышты. Жыйында аял ишкердиги боюнча улуттук программа боюнча кенең маалыматтар берилип, […]
Ош шаарында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Ош шаарынын Мээркан айылында жаңыдан курулган Ч.Түлөбердиев атындагы мектептин ачылышы болду. Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жергиликтүү тургундарды аталган мектептин ачылышы менен куттуктап, курулушка көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылыгын билдирди. Айта кетсек, жаңы салынган имарат 225 окуучу орунга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде окуучулардын билим алуусу […]
Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жаштар форуму өттү

Бүгүн, 14-ноябрда, Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата “Келечек багыты – Жаштардын өнүгүү платформасы” аталышындагы жаштар форуму болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбеков, «Интербилим» коомдук уюмунун Ош облусундагы бөлүмүнүн башчысы Гульгакы Мамасалиева, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген жаштар […]