ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык салтанат масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталды. Майрамдык иш-чарада Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов куттуктоо сөз сүйлөп, тургундарды жана конокторду шаар күнү менен куттукташты. Өз кайрылуусунда алар байыркы Оштун акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, инфраструктуралык жаңыланууларын жана шаарды өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлорду […]

Ош шаарында Бегиш Аматов атындагы көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында буга чейин Аношина көчөсү деп аталган көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жаңыланган жол пайдаланууга берилди. Көчөгө Бегиш Аматовдун аты ыйгарылды. Көчөнүн ачылышы Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү. Жаңыланган көчө майрамдык иш-чараларга карата пайдаланууга берилип жаткан 20га жакын объекттин бири болуп саналат. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жол инфраструктурасы жаңыланып, көчөдө жайгашкан көпүрө да […]

Мэрдин кубогу: Шахмат боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

Ош шаарынын күнүнө карата Т. Сатылганов атындагы эс алуу багында өткөрүлгөн мэрдин кубогу үчүн эл аралык шахмат мелдеши соңуна чыкты. Бул интеллектуалдык мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Индия жана Түштүк Кореядан келген ар түрдүү курактагы мыкты шахматчылар катышып, өз ара чеберчиликтерин салыштырышты. Финалдык оюндардан соң жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Ош шаарынын мэринин орун […]

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча жаштар арасындагы чемпионат уланууда

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылындагы ат майданында жаштар арасында көк бөрү боюнча мэрдин кубогуна арналган оюндар өтүп жатат. Бүгүн мелдештин экинчи күнү. Ага 18 жаштан 24 жашка чейинки жаштар катышып, командалар А жана Б тайпаларына бөлүнгөн. Жалпысынан чемпионатта 7 команда күч сынашууда. Мелдештин жүрүшүндө жаш көк бөрүчүлөр өздөрүнүн чеберчилигин, ылдамдыгын жана таймаштагы даярдыгын көрсөтүп […]

Ош шаарынын мэри боордош шаарлардын өкүлдөрүн кабыл алды

5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган шаарларынан, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келишти. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев боордош шаарлардан келген делегацияларды расмий кабыл алып, Ош шаарынын майрамдык иш-чараларына катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал шаарлар аралык достук жана кызматташтык […]

Боордош Андижандан Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана бир катар боордош шаарлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өтүүдө. Жолугушуунун алкагында Өзбекстандын Андижан облусунун администрациясы Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек катары тапшырды. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды. Эми көчөттөр Ош шаарын жашылдандыруу […]

Республикалык айтыш: Баш байгени Нурсултан Абдикаримов жеңип алды

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн төкмө акындардын республикалык айтыш сынагы жыйынтыкталды. Сынак көрөрмандардын бүйүрүн кызытып, жогорку деңгээлде өттү. Жалпы 15 тен ашык акын катышкан айтыштын байге фонду 1 миллион сомду түзүп, төмөндөгүлөр сыйлыкка татыды: Баш байге – Нурсултан Абдикаримов (200 000 сом) 1-орун – Жамайка Дунканаева ( 170 […]

Бокс боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

Ош шаарында бокс боюнча эл аралык турнир жана бокс боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу жыйынтыкталды. Жарышка эл аралык курамдагы мушкерлер катышты. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык мушкер Мирзохид Имамназаров чемпиондук курга ээ болду. Ал эми Ош шаарынын мэринин курун Ыйман Байзаев жеңип алды. Белгилей кетсек TURKSEN 3 эл аралык турнири Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулду. https://www.facebook.com/share/p/1CDVY4mmUD/

Ош: Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өткөн турнир

Бүгүн 3-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата калаада Кыргызстандагы алгачкы ирет TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн жарыш өтүүдө. Бир нече күндөн бери даярдык жүрүп жаткан турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Жонс болду. Ачылыш аземде Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев сөз сүйлөп, шаар күнүнө карата ири спорттук иш-чаранын […]

Ош: Жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы жоюлат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма” долбоорунун алкагында аяктаган курулуш иштери менен жеринен таанышып, объекттин 1-линиясын расмий түрдө ишке киргизди. Шаар башчысы Төлөйкөн аймактык башкармалыгынын Данги тилкесине барып, аткарылган жумуштардын сапатын текшерди. Анын жүрүшүндө тиешелүү адистер аткарылган иштердин жыйынтыгы жана экинчи этаптын пландары тууралуу маалымат беришти. Аталган долбоор калкка […]