Россиялык дарыгерлер Ош шаарында операцияларды жана консультацияларды өткөрүүдө

Бүгүн 12-ноябрь күнү “Миссия Добро” эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында “РЖД-Медицина” тармагынын тажрыйбалуу россиялык дарыгерлери Ош шаарына келишти. Алар жергиликтүү кесиптештери менен биргеликте бейтаптарды кабыл алып, алгачкы татаал операцияларды ийгиликтүү жасашты.
Ош шаардык клиникалык ооруканасында адистердин ишин баштоо аземи өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Россиянын Оштогу Башкы консулу Роман Свистин, Россотрудничествонун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам, шаардык оорукананын башчысы Саипжан Шералиев жана медицина кызматкерлери катышты.
Делегациянын курамында топтун жетекчиси Юлия Балакина, уролог Константин Нотов жана травматолог-ортопед Денис Згирский бар. Адистер шаардын дарыгерлери үчүн лекция окуп, консультацияларды башташты. Ал эми новосибирскилик уролог Константин Нотов жергиликтүү дарыгерлер менен бирге простата аденомасын жана заара жолундагы ташты алуу боюнча эки операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Операциялар жана бейтаптарды кабыл алуу эртең да уланат.
Белгилей кетсек, Россиянын кызматташтыгы жана “ДОБРО.РФ” Ассоциациясы уюштурган бул программанын алкагында 9-14-ноябрь күндөрү алты россиялык дарыгер Бишкек жана Ош шаарларында тажрыйба алмашуу, мастер-класстарды өткөрүү жана калкка медициналык жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул ыктыярчылардын Кыргызстанга онунчу сапары.

Окшош жаңылыктар

912821699_1486434727008753_266187065161870754_n

Ошто дагы бир бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

913241048_1486207480364811_1310688399174694756_n

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

images

Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда

903652290_1482837394035153_7838097822901186342_n

Көйгөйдөн — чечимге: Мэрдин эл менен жолугушуулары Жапалакта жыйынтыкталды

904318305_1482589524059940_2171800305730877611_n

Мэрдин эл менен кезектеги жолугушуусу Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгында өттү

894460910_1482423224076570_5615289455165886429_n

Алымбек датка аймагында эл үнү угулду: Мэр көйгөйлөрдү жеринде талкуулады