Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин шаар тургундары менен жолугушуусу Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгында уланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мэр жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, көтөрүлгөн суроолорго жооп берди.
Тургундар тарабынан талаштуу жер тилкесине байланышкан маселени чечүү, жолугушуу өткөн мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, тосулуп калган ички жолдорду ачуу, аймакты көрктөндүрүү, жаңы сквер куруу жана айрым көчөлөргө асфальт төшөө боюнча сунуш-талаптар айтылды. Ошондой эле Кең-Сай конушунун инфраструктурасын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү.
Мындан тышкары, шаар тургундары ипотекалык шартта турак жай менен камсыздоо, мектептерге жакын жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу, кошумча аялдамаларды куруу, канализация тутумун жакшыртуу, маршруттук каттамдарды жөнгө салуу, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр боюнча кайрылышты.
Шаар башчысы ар бир маселе боюнча кеңири түшүндүрмө берип, айрым көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жеринде тапшырмаларды берди.
Жанарбек Акаев тургундар тарабынан айтылган сунуштар жана көйгөйлөр көз жаздымда калбай турганын, аларды чечүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди.
