Авиценна көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Көп жылдан бери каралбай, алгачкы ирет оңдоодон өтүп жаткан көчөлөрдүн бири Авиценна көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Эске салсак, бул көчөгө калаа башчы Жанарбек Акаев өзү келип, асфальтты эртелетүүнү, жолду сапаттуу бүткөрүп, көчһнү иретке келтирүүнү тапшырган. Аталган жол И. Раззаков көчөсүнөн тартып «Орто Азия» мейманканасына чейинки бөлүгү оңдолуп жатат. https://www.facebook.com/share/r/193A4wGGm3/
Ош шаарында шахмат боюнча мэрдин кубогу башталды

Бүгүн 3-октябрда, Ош шаарынын күнүнө карата Т. Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрында Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн шахмат боюнча эл аралык мелдешке старт берилди. Мелдештин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, шахматчыларга ийгилик каалады. Мелдешке Индия, Беларусь, Россия жана коңшу мамлекеттерден келген шахматчылар катышып, ар түрдүү курактагы спортчулар өздөрүнүн […]
Ош шаарынын мэринин кубогу: Төлөйкөн айылында көк бөрү мелдеши башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюну — көк бөрү боюнча Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш башталды. Анда Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай аймактарынан жана Ош шаарынан келген жалпы 7 команда күч сынашып, ат үстүндөгү чеберчилигин, шамдагайлыгын жана командалык даярдыгын көрсөтүүдө. Күйөрмандар менен шаар тургундары курч мүнөздө өткөн кызыктуу таймаштарга күбө болушууда. Улуттук спортту […]
Жанарбек Акаев: Авиашаарчаны гүлдөтөбүз!

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн, 2-октябрь калаадагы “Ош” эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан авиашаарча кичи районуна барды. Эске салсак, эки ай мурун аталган жайга калаа башчы келип, көп кабаттуу үйлөрдүн короолору тазалоону, эски гараждар алып, иреттөөнү тапшырган. Мэрдин тапшырмасы менен аймак толугу менен тазаланды. Жакында авиашаарчада жаңы сейил бак курулат. Анда чыныгы учактардын макеттери […]
Ош шаарында гүлдүн бардык түрүн өстүргөн күнөскана жакында ишке кирет

Ош шаарынын мэри гүл өстүрүүчү заманбап күнөскананын кеңейтилген бөлүгү менен таанышты. Долбоор жакынкы убакта ишке кирип, жыл бою гүл өстүрүүгө шарт түзөт. Күнөсканада гидропоника жана тамчылатып сугаруу системалары колдонулат. Көчөттөрү Кытай, Нидерланд, Кения жана Ташкенттен алынып келинип, Ошто өстүрүлөт. Бул ыкма уникалдуу гүл түрлөрүн жергиликтүү шартта өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Учурда Ош шаарындагы гүл рыногунун болжол […]
Жетимишов көчөсүндөгү жаңыланган жол пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы С. Жетимишов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери аяктап, жол пайдаланууга берилди. Узундугу 1400 метр, туурасы 14 метр болгон жол тилкесинин ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев өзү катышты. Оңдоо иштеринин алкагында жолго жаңы асфальт төшөлүп, көчөнүн эки тарабына ирригациялык тармактар орнотулду. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар […]
“Оорубай, сергек жашаңыздар”… Мэр карылардан кабар алды

Бүгүн 1-октябрь Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы “Боорукердик үйүнө” барып, карылардан кабар алды. Калаа башчы алар менен бирге мэрия тарабынан уюштурулган концерттик программаны көрүп, дасторкон үстүндө баарлашты. Өз куттуктоосунда Жанарбек Акаев 2-октябрь Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, ата-энелерге ден соолук, узак өмүр, кайраттуулук каалады. Ошондой эле мэриянын атынан акчалай сыйлык, жеке белектерди тапшырды. […]
Тарыхый мурас — келечек муундарга аманат

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарынын тарыхындагы Алымбек датка, Курманжан датка жана Камчыбектин орду, тарыхый мурасы жана алардын шаар тарыхындагы мааниси тууралуу илимий конференция болуп өттү. Иш-чара Ош шаарынын күнүнө карата мэрия тарабынан уюштурулган бир жумалыктын алкагында өткөрүлүп, ага тарыхчылар, окумуштуулар, окутуучулар, изилдөөчүлөр жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Иш-чарада тарыхый жайларды сактоо жана кайра жандандыруу маселелерине […]
Легендарлуу мушкер Ош шаарына келди

Легендарлуу америкалык мушкер, дүйнөлүк бокстун тарыхындагы эң улуу жана кайталангыс мушкерлердин бири – Рой Джонс бүгүн, 1-октябрь Ош шаарына келди. Мушкерди “Ош” Эл аралык аэропортунан Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Кыргызстандын Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов, күйөрмандар тосуп алды. Белгилей кетсек бул күндөрү Ош шаарында World Boxing Championship Amateur TURKSOY турнири өтүүдө. […]
Коомго кайра аралашууга колдоо: Пробация боюнча кеңешинин кезектеги отуруму

Ош шаарынын мэриясында пробация боюнча кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары, кеңештин төрайымы Масуда Айдарбекова алып барды. Отурумда пробациялык көзөмөлдө турган жарандардын социалдык абалын жакшыртуу, турмуштук көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү жана алардын коомго кайрадан аралашуусуна шарт түзүү маселелери каралды. Ошондой эле буга чейинки отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууланып, жарандарга […]