Борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын борбордук базары көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыкты. Курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди. Жаңы базарда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп берилет.
Ош шаардык борбордук базары жылдырылат

Бүгүн 19-июлда, Ош шаарына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Иш сапардын алкагында ал Ош шаарынын борбордук базарында болуп, соодагерлер менен жолугушуу өткөрүп, сел жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымдады. Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош шаарынын мэриясында жыйын өттү. Жыйында Ош шаары жана Ош […]
Борбордук базар: Көпүрөлөрдү алып салуу жана иретке келтирүү иштери башталды

Ош шаарындагы борбордук базарда Ак-Буура дарыясынан өткөн, өз билемдик менен мыйзамсыз курулган көпүрөлөрдү алып салуу жана иретке келтирүү жумуштары башталды. Сел ташкынын кесепеттерин жоюу максатында аткарылып жаткан бул иш-аракеттерге Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери, укук коргоо органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.
Ош шаарынын борбордук базарында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жарандык коргонуу боюнча комиссия ишин баштады

Учурда комиссиянын мүчөлөрү тарабынан базар соодагерлерине келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, борбордук базардын негизги өтмөктөрү сел ташкынынан тазаланып бүттү. Комиссия өз ишин аяктагандан кийин Ош шаарынын борбордук базары кайра ишке кирет.
Ош шаарында мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды

Бүгүн, Ош шаарынын Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы “Асман резиденс №1 Ош” турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды. Ага, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК төрагасы Темиркул Балтабаев, муниципалдык ипотекалык ишканасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты. Жалпы […]
Жарандарды кабыл алуу

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, бир катар көйгөйлөрүн чечүү боюнча тиешелүү суроолорго жооп берди. Шаардыктар негизинен жер маселеси, турак жай, мыйзамсыз курулуштар жана башка көйгөйлөр боюнча кайрылышты. Жарандардын ар бир кайрылуусуна шаар бийлиги тарабынан толук жооп […]
Ошко Өзбекстандан гумжардам келди

Бүгүн, 16-июлда Ош шаары жана Ош облусуна Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунан селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам келди. Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү […]
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаарда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты

Акылбек Жапаров Жаңы-Маала айылындагы Ахмаджан-Ата көчөсүн, борбордук базарды, А.Навои атындагы эс алуу жайды, ошондой эле Кара-Сымак жана Бодур-Таш айылдарын кыдырып, жеринде шаар тургундарооы, базардын соодагерлери менен сүйлөшүп, суроолоруна жооп берди. Андан соң Ош облусунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйында аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы […]
Жарандык коргоонун башчысы – Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов сел каптоодон жабыркаган аймактарды бүгүн да жеринен барып, кыдырып чыкты

Шаар башчысы селдин кесепетинен жабыркаган борбордук базарда жүрүп жаткан тазалоо иштерин көрдү. Андан сырткары Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан, үйлөрү суу астында калган “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Жаңы-Маала көчөсүнүн жашоочуларынан кабар алды. Бакытбек Жетигенов жеринде тиешелүү кызматтарга бардык жеткиликтүү күчтөрдү колдонуп, атайын техникаларды тартуу менен сел баскан аймактарды тазалоо боюнча иш-аракеттерди тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.
Ош шаарынын борбордук базарында селдин кесепетинен зыян тарткан жайлар тазаланууда

Жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылган. Коомдук коопсуздукту тиешелүү күч түзүмдөрү камсыз кылууда.