Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, бир катар көйгөйлөрүн чечүү боюнча тиешелүү суроолорго жооп берди.
Шаардыктар негизинен жер маселеси, турак жай, мыйзамсыз курулуштар жана башка көйгөйлөр боюнча кайрылышты.
Жарандардын ар бир кайрылуусуна шаар бийлиги тарабынан толук жооп берилип, суроо-талаптар боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар берилди.