ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды

Бүгүн, Ош шаарынын Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы “Асман резиденс №1 Ош” турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды.
Ага, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК төрагасы Темиркул Балтабаев, муниципалдык ипотекалык ишканасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.

Жалпы аянты 1,3 гектарды ээлеген жерге 12 кабаттан турган 8 үй курулат. Батирлердин жалпы саны 528. Курулуш мөөнөтү – 1,5 жыл. Турак жай комплексинде долбоорго ылайык, спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлары жана соода дүкөндөрү болот. Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан жарандарга 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Эске сала кетсек, учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жогоруда аталган турак жай программанын алкагында 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео