ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Эски мектептер жаңыланып, жаңы долбоорлор ишке ашат: Жибек-Жолу аймагын өнүктүрүү күчөтүлөт

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
🔹 Кыдырууда аймактагы эски мектептердин учурдагы абалы каралып, алардын коопсуздугу жана окуу шарттары талданды. Ошондой эле тургундардын кайрылуусунун негизинде спорт зал жана маданият үйү курула турган жерлер көрүлүп, тиешелүү кызматтарга долбоорлорду ыкчамдатуу тапшырмасы берилди.
🔹 Шаар башчысы өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров тарабынан эскилиги жеткен мектептерди толук реконструкциялоо жана заманбап шарттар менен камсыз кылуу боюнча так тапшырмалар коюлганын белгилеп, бул багыттагы иштер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуучулардын коопсуздугун камсыздоого жана инфраструктураны жаңылоого чоң салым кошорун баса белгиледи.
🔹 Мындан тышкары, аймактагы жолдордун абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү да көзөмөлдөнүп, тургундардын муктаждыктарын эске алуу менен маселелер этап-этабы менен, системалуу түрдө чечилери айтылды.
default

default

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео