Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен Бабараимов көчөсүнөн Бекмамат Осмонов көчөсүнө чейинки жолду ачуу жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Дал ушундай эле жумуштар Кара-Суу, Мамажан жана Шамшат көчөлөрүндө да аткарылууда.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тургундардын макулдугу менен эски курулуштарды, коммерциялык объектилерди жана турак жайларды бузуу иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде көз карандысыз эксперттер иштеп, компенсациянын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Бардык даярдык иштери толук аяктап, жол тилкелери ачылгандан кийин асфальт төшөө иштери башталат.
