Ош: “Алай” футбол клубунун жаштар командасы сыйланды

Бүгүн 21-ноябрь күнү, Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо “Алай” футбол клубунун жаштар командасын сыйлоо аземи болуп өттү.
Салтанатта Кыргыз Республикасынын футбол боюнча 2026-жылкы Жогорку лигасынын дубль командаларынын чемпионатында III орунду ээлеген жаш футболчуларга сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, клубдун өнөктөштөрү жана футболчулардын ата-энелери катышты.
Аземдин соңунда клубдун өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирилип, эстелик белектер тапшырылды.

https://www.facebook.com/share/v/1FeZmK2NvX/

Окшош жаңылыктар

images (2)

Эстакадалык көпүрө курула турган жердеги курулуштарды алуу уланууда

images (1)

Авиа шаарчасы жаңы түскө боёлуп, көркүнө чыгууда

914957407_1491818926470333_4706802447447394786_n

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

914661624_1490982103220682_380242188447675776_n

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

920173057_1490835983235294_6054673292352476011_n

Ош: Укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды

images (1)

Чубак ажы ​Жалилов көчөсүндө иш кызуу!