Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Бүгүн Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Сүрөттүү-Таш айылында № 43 “Кызгалдак Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылышы болду.
Буга чейин КР Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Турукташтыруу фондунан каржыланган 10 мектепти куруу программасынын алкагында айылда заманбап жаңы мектеп курулган. Ал эми анын бошогон эски имараты толугу менен бала бакчага ылайыкташтырылып, капиталдык оңдоодон өттү.
Белгилей кетсек, мурда бакча № 43 З.М. Бабур атындагы мектептин бир бөлүгүндө жайгашып, үч тайпада болгону 65 бала тарбияланып келген. Жаңы имараттын ишке берилиши менен 12 тайпа ачылып, 300 бөбөктү кабыл алууга шарт түзүлдү. Муну менен айылдын бул багыттагы көйгөйү толук чечилди.
Жаңы имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Шаар башчысы түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгып, мекемеге үч телевизор белек кылды. Иш-чаранын соңунда мэр айыл тургундары менен баарлашып, алардын спорт комплексин куруу боюнча кайрылуусун кабыл алды.

https://www.facebook.com/share/v/19zYEye4fg/

Окшош жаңылыктар

images (2)

Эстакадалык көпүрө курула турган жердеги курулуштарды алуу уланууда

images (1)

Авиа шаарчасы жаңы түскө боёлуп, көркүнө чыгууда

images

Ош: “Алай” футбол клубунун жаштар командасы сыйланды

914957407_1491818926470333_4706802447447394786_n

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

920173057_1490835983235294_6054673292352476011_n

Ош: Укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды

images (1)

Чубак ажы ​Жалилов көчөсүндө иш кызуу!