Ош шаарында Х.Абдуллаев көчөсүнүн (Ж.Шамшиев көчөсүнөн Жумабаев көчөсүнө чейинки тилке) оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаар тургундары катышты.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жол толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү.