ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Көңүл буруңуздар!

Ош шаары менен боордоштук мамиледе болгон Россия Федерациясынын Ростов-на- Дону шаарында 19-21-апрель күндөрү “Хакатон Жаз 2024” программалык камсыздоону иштеп чыгуучуларды форуму өтөт.

Форумга катышууга Ош шаарынын жаштары чакырылат.

Форумдун алкагында 800дөн ашык катышуучулардан турган командалар, анын ичинде 14 жаштан 35 жашка чейинки программисттер, дизайнерлер жана маркетологдор IT кейстерин чечишип, адистердин жардамы менен маалымат технологиялары боюнча практикалык мастер-класстардан өтүшөт. Мыкты иштер IT рыногуна кирип, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Жалпы байге фонду 1 000 000 рублдан ашат. Белгилей кетсек, аталган форум он төртүнчү жолу өткөрүлмөкчү.

Кененирээк маалыматты төмөнкү расмий сайттан: https://fantastic-hackathon.ru, же ВКонтакте социалдык тармагынан алсаңыздар болот: https://vk.com/fantastic hackathon.
Форумдун уюштуруучулары:

-Ростов-на-Дону шаарынын администрациясы, алдыңкы аймактык университеттер, банк мекемелери жана алдыңкы IT-компаниялары.
-Ростов-на-Дону шаарынын администрациясынан жооптуу Ростов-на-Дону шаарынын жаштар саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Бганцев Андрей Николаевич (тел. +7 (863) 268-) 78-42, e-mail: mpol@rostov -gorod.ru).

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео