ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Көрүнүктүү акын Шавкат Рахмандын 75 жылдыгы Ош шаарында салтанаттуу белгиленди

🔹Бүгүн Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында көрүнүктүү акын, терең ойчул Шавкат Рахмандын 75 жылдыгына арналган эл аралык эскерүү кечеси болуп өттү.
🔹Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстан Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын жана журналист Минхожидин Мирзо, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун эл аралык байланыштар боюнча төрагасынын кеңешчиси Бегижан Ахмедов жана Өзбекстандан келген акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, ошондой эле акындын жакындары, үй-бүлө мүчөлөрү жана күйөрмандары катышышты.
🔹Эскерүү кечесинде акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы чагылдырылып, өз үнү менен жазылган ырлары жаңырды.
Акындын үй-бүлө мүчөлөрү эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын чыгармачылык мурасы тууралуу жылуу сөздөр айтылды.
🔹Мындан тышкары акындын өмүрүнө арналган көргөзмө уюштурулуп, жаш муун өкүлдөрү тарабынан анын чыгармаларынын негизинде сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.
🔹Белгилей кетсек, мааракелик иш-чара 2 күн улантылып, коноктор үчүн маданий жолугушуулар жана Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейине экскурсия уюштурулат.
 

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео