Кулактандыруу!
Урматтуу Кызыл-Кыштак, Жапалак жана Төлөйкөн айылдык аймактык ашкармалыгынын тургундары жана жалпы аукционго катышуучулар. 2026-жылдын 11-февраль күнү Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгында, 12-13-16-февраль күндөрү Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында, 17-февраль күнү Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгындагы мөөнөтү бүткөн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлери аукцион аркылуу ижарага берилет.
Аукционго катышуу шарттары:
- Арыздар лотту көрсөтүү менен 2026-жылдын 09-февраль күнү саат 17-30 га чейин кабыл алынат.
- Паспорт көчүрмөсү тиркелет;
- Ижара акысынан, суугат суудан карызы барлар аукционго катыша албайт. Ижара акысынын ж.б төлөмдөрү жөнүндө квитанциясын арызга тиркеп алып келүүсү керек.
- Аукционго катышуучу жарандардын (дыйкандардын) Мбанк мобилдик эсеп счету болуусу зарыл. Кепилдик төлөмдөр Мбанк QR код аркылуу жана башка банктык тиркемелер аркылуу кабыл алынат, аукциондон утулуп калган жарандардын кепилдик төлөмү кайра Мбанк эсептик счетуна которулуп берилет.
- Кепилдик төлөм – баштапкы ижара акынын 20% түзөт жана ар бир лотко өзүнчө төлөнөт.
- Кепилдик төлөм 2026-жылдын 10-февраль күнү саат 17-30 га чейин кабыл алынат.
- Аукциондун суммасы баштапкы ижара акынын 10% түзөт.
- Аукциондон утуп келишим менен жер алган ижарачы ижара акысын ар жылдын 1-апрелине чейин 50%ын жана ошол жылдын 01-ноябрына чейин 50%ын төлөөсү зарыл;
- Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы ижарага берилген жерлер боюнча арыздарды жана кепилдик төлөмдөмдөрдү кабыл алуу Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын кеңсесинде жүргүзүлөт.
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Керме-Тоо айылындагы Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын кеңсесинде кабыл алынат.
- Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгы боюнча Ош шаарынын “Алымбек Датка” атындагы көчөсүнүн № 221 дарегинде жайгашкан Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасында кабыл (3-кабатында) алынат.
- Арыздарды жана кепилдик төлөмдөрдү Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Абдырахманов К.У жана адистери Асанов Б.А, Жумаева А.А. кабыл алышат.
Аукцион өткөрүү орду.
| № | Аукцион өтүү орду | Жердин (лоттун) жайгашкан жери. | Өткөрүү күнү |
| 1. | Кызыл-Кыштак ААБнын имараты. Кызыл-Кыштак айылында. | Комунист, Ишкаван, Кызыл-Байрак, Керме-Тоо, Жаны-Турмуш, Кызыл-Кыштак айылдары | 11.02.2026 саат 09:00-17:30 |
| 2. | Керме-Тоо айылындагы Агрардык чарба муниципалдык ишканасынын кеңсеси | Кенеш, Керме-Тоо айылдары | 12.02.2026 саат 09:00-17:30 |
| 3. | Керме-Тоо айылындагы Агрардык чарба муниципалдык ишканасынын имараты | Тээке, Арек , Татар айылдары | 13.02.2026 саат 09:00-17:30 |
| 4. | Керме-Тоо айылындагы Агрардык чарба муниципалдык ишканасынын кеңсеси | Орке-Мээркан, Качыбек айылдары | 16.02.2026 саат 0 9:00-17:30 |
| 5. | Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын имараты | Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын аймагы | 17.01.2026 саат 9:00-17:30 |
Кошумча суроолор боюнча төмөндөгү телефон номерлер аркылуу кайрылсаныздар болот:
Абдырахманов Кушбак тел: 0770-77-77-64
Асанов Бекмырза тел: 0501-21-03-92
Жумаева А.А. тел: 0555 -69-40-04
