ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Урматтуу Кызыл-Кыштак, Жапалак жана Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын  тургундары жана жалпы аукционго катышуучуларга

Кулактандыруу!

Урматтуу Кызыл-Кыштак, Жапалак жана Төлөйкөн айылдык аймактык ашкармалыгынын  тургундары жана жалпы аукционго катышуучулар.  2026-жылдын  11-февраль күнү Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгында, 12-13-16-февраль күндөрү Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында, 17-февраль күнү Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгындагы мөөнөтү бүткөн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлери  аукцион аркылуу ижарага берилет.

               Аукционго катышуу шарттары:

  1. Арыздар лотту көрсөтүү менен 2026-жылдын 09-февраль күнү саат 17-30 га чейин кабыл алынат.
  2. Паспорт көчүрмөсү тиркелет;
  3. Ижара акысынан, суугат суудан карызы барлар аукционго катыша албайт. Ижара акысынын ж.б төлөмдөрү жөнүндө квитанциясын арызга тиркеп алып келүүсү керек.
  4. Аукционго катышуучу жарандардын (дыйкандардын) Мбанк мобилдик эсеп счету болуусу зарыл. Кепилдик төлөмдөр Мбанк QR код аркылуу жана башка банктык тиркемелер аркылуу кабыл алынат, аукциондон утулуп калган жарандардын кепилдик төлөмү кайра Мбанк эсептик счетуна которулуп берилет.
  5. Кепилдик төлөм – баштапкы ижара акынын 20% түзөт жана ар бир лотко өзүнчө төлөнөт.
  6. Кепилдик төлөм 2026-жылдын 10-февраль күнү саат 17-30 га чейин кабыл  алынат.
  7. Аукциондун суммасы баштапкы ижара акынын 10% түзөт.
  8. Аукциондон утуп келишим менен жер алган ижарачы ижара акысын ар жылдын 1-апрелине чейин 50%ын жана ошол жылдын 01-ноябрына чейин 50%ын төлөөсү зарыл;
  9. Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы ижарага берилген жерлер боюнча арыздарды жана кепилдик төлөмдөмдөрдү кабыл алуу Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын кеңсесинде жүргүзүлөт.
  10. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Керме-Тоо айылындагы Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын кеңсесинде кабыл алынат.
  11. Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгы боюнча Ош шаарынын “Алымбек Датка” атындагы көчөсүнүн № 221 дарегинде жайгашкан Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасында кабыл (3-кабатында) алынат.
  12. Арыздарды жана кепилдик төлөмдөрдү Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Абдырахманов К.У жана адистери Асанов Б.А, Жумаева А.А. кабыл алышат.

 

Аукцион өткөрүү орду.

 

№Аукцион өтүү ордуЖердин (лоттун) жайгашкан жери.Өткөрүү күнү
1.Кызыл-Кыштак ААБнын имараты. Кызыл-Кыштак айылында.Комунист, Ишкаван, Кызыл-Байрак, Керме-Тоо, Жаны-Турмуш, Кызыл-Кыштак айылдары11.02.2026

саат  09:00-17:30

2.Керме-Тоо айылындагы Агрардык чарба муниципалдык ишканасынын кеңсесиКенеш, Керме-Тоо айылдары12.02.2026

саат 09:00-17:30

3.Керме-Тоо айылындагы Агрардык чарба муниципалдык ишканасынын имаратыТээке, Арек , Татар айылдары13.02.2026

саат 09:00-17:30

4.Керме-Тоо айылындагы Агрардык чарба муниципалдык ишканасынын кеңсесиОрке-Мээркан, Качыбек айылдары16.02.2026

саат 0 9:00-17:30

5.Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын имаратыТөлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын аймагы17.01.2026

саат  9:00-17:30

 

 

Кошумча суроолор боюнча төмөндөгү телефон номерлер аркылуу кайрылсаныздар болот:

 

Абдырахманов Кушбак  тел:   0770-77-77-64

Асанов Бекмырза             тел:   0501-21-03-92

Жумаева А.А.                  тел:   0555 -69-40-04

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео