Кулактандыруу!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы шаардагы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт.

Конкурска төмөнкү объектилер коюлат:
1. Ош шаарынын Алымбек датка көчөсүнүн № 243/1 дарегинде жайгашкан, заманбап үлгүдөгү жеңил конструкциядан курулган гүл сатуучу павильондун техникалык паспортуна ылайык төмөнкү лоттору инвестициялык келишимдин негизинде убактылуу ижарага берилет:
• 1.4-лот — 16,54 чарчы метр, баштапкы ижара акысы айына 4 921 сом;
• 1.14-лот — 16,54 чарчы метр, баштапкы ижара акысы айына 4 921 сом. Пайдалануу багыты: коммерциялык.
2. Ош шаарынын Калмурзаев көчөсүнүн № 75 дарегинде жайгашкан бир кабаттуу имараттын жер төлөсү.
• Аянты: 165,0 чарчы метр;
• Баштапкы ижара акысы: айына 46 200 сом;
• Пайдалануу багыты: спорттук-ден соолукту чыңдоо жана коммерциялык ишмердүүлүк.
3. Ош шаарынын Анар кичи районунун № 16 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жарым жер төлөсүндөгү коридордо жайгашкан фойенин аянтчасы.
• Аянты: 22,53 чарчы метр;
• Баштапкы ижара акысы: айына 1 971 сом;
• Пайдалануу багыты: кампа.
4. Ош шаарынын Анар кичи районунун № 21 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жарым жер төлөсүндөгү бөлмө.
• Аянты: 37,8 чарчы метр;
• Баштапкы ижара акысы: айына 7 938 сом;
• Пайдалануу багыты: тигүү цехи жана өндүрүш.
5. Ош шаарынын Н. Исанов көчөсүнүн № 40 дарегинде жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы сейил багынын аймагындагы ажаткана.
• Аянты: 44,44 чарчы метр;
• Баштапкы ижара акысы: айына 12 598 сом;
• Пайдалануу багыты: коомдук ажаткана.
6. Ош шаарынын И. Раззаков кең көчөсүндө жайгашкан И. Раззаков атындагы эс алуу багынын аймагындагы сезондук 7 даана темир боз үй.
• Жалпы аянты: 286,37 чарчы метр;
• Баштапкы ижара акысы: айына 50 114 сом;
• Пайдалануу багыты: кыргыз улуттук тамак-аштарын даярдоо жана сатуу. Ижарага алуучу боз үйлөрдү кыргыз улуттук оймо-чиймелери менен жасалгалоого милдеттүү.
7. Ош шаарынын У. Салиева көчөсүнүн № 48 “Б” дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жарым жер төлөсүндөгү бөлмө.
• Аянты: 38,75 чарчы метр;
• Баштапкы ижара акысы: айына 2 712 сом;
• Пайдалануу багыты: кампа.
8. Ош шаарынын А. Кулигов көчөсүнүн № 24а/1 дарегинде жайгашкан, жеке менчик ашканага туташ курулган бир кабаттуу муниципалдык имарат.
• Аянты: 529,98 чарчы метр;
• Баштапкы ижара акысы: айына 131 700 сом;
• Пайдалануу багыты: коомдук тамактануу жайы.
Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:
1. Жеке жактар үчүн — паспорт.
2. Юридикалык жактар үчүн — мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган, нотариалдык же каттоо органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү. Уюмдун өкүлү катышкан учурда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат жана паспорт талап кылынат.
3. Лоттун баштапкы баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү жана 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
4. Лоттун номерин көрсөтүү менен белгиленген үлгүдөгү арыз.
Документтерди кабыл алуу жана кайрылуу дареги:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, Заднепровский көчөсү № 4, 2-кабат, 8-кабинет.
Маалымат алуу үчүн телефон: 0 555 54-00-20.
Эскертүү:
-Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы конкурс өткөрүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү объект боюнча конкурсту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу.
-Конкурска бардык жеке жана юридикалык жактар катыша алышат. Конкурска катышуу үчүн арыздар конкурс өткөрүлүүчү күнгө чейин бир күн калганга чейин кабыл алынат.
-Катышуучулар конкурска өздөрү же белгиленген тартипте таризделген ишеним каттын негизинде өкүлдөрү аркылуу катыша алышат.

Окшош жаңылыктар

images (1)

Чубак ажы ​Жалилов көчөсүндө иш кызуу!

images

Ош шаарында электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштар

912982521_1489697656682460_6136409448015179834_n

Ош шаардык Кеңешинин XXIII сессиясы болуп өттү

912747731_1489697640015795_6507748834344957320_n

Ош шаардык Кеңешинин XXIII сессиясы өтүүдө

912688162_2238785397052641_7063667481131956568_n

Ош шаарында дагы бир жол тилкеси убактылуу жабылат

912660949_1055258696972819_3731568175105473570_n

Жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет