Ош шаарынын мэриясы “Ош шарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын” алкагында 2024-жылга карата тандалып алынган коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жарыялайт.
- “Турмуштук оор кырдаалга кабылган улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү;
- Үй-бүлөлүк жана балдарга карата ырайымсыз мамиленин, зордук зомбулуктардын алдын алуу;
- Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жашаган адамдарды реабилитация жасоого туруктуу муниципалдык мекеменин жоктугу
- Туугандык никелердин алдын алуу;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды эрте кийгилишүү жолу менен даарылоо аркылуу социалдык чөйрөгө кошуу;
Арыздарды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 18-апрель күнү, саат 17-00гө чейин. Эгерде арыз конкурс жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе, анда арыз ээси конкурска катышууга киргизилбейт.
Конкурска катышуу боюнча кененирээк маалымат тиркемеден жана (03222) 5-50-66, (0555) 14-01-97 телефон номерлери аркылуу алсаңыздар болот.
01. Жарыя мончо жана чачтарач кызматтары
02. Жарыя ДМЧ балдарды эрте жашта дарылоо менен социалдык чөйрөгө кошуу
03. Жарыя туруктуу жашоочу үй жайы жок селсаяк жарандар
04. Жарыя туугандык никелердин алдын алуу
05. Жарыя үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук зомбулуктардын алдын алуу