ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу!!!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Оштогу жылуулук электр борбору тарабынан 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн 1-апрелден тарта гидравликалык сыноо жүргүзүлө баштайт. Сыноолор 4 этап менен жүргүзүлөт.
Жылуулук энергиясын пайдаланган керектөөчүлөр Ош жылуулук электр борборунун түтүкчөлөрүнө уланган жердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз.
Гидравликалык сыноонун графиги:
1-этап: (1-апрелден, 2-апрелге чейин) Курманжан датка, Ленин, Г.Айтиев, Алиев, Супаналиев, Амир-Тимур, Абдыкадыров көчөлөрү;
2-этап: (2-апрелден, 3-апрелге чейин) А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Кара-Суу, Өзгөн, Ы.Монуев, Ашимахунов, А.Навои, А.Шакиров, Ош (облустук аскер комиссариатынан Ош районуна чейин) көчөлөрү;
3-этап: (3-апрелден, 4-апрелге чейин) М-3 Ø700мм, Автотрестке чейин, У.Салиева, И.Раззаков, Касымбеков, Жим, Мир, Жаңы чек (Ош районунан жылуулук борборуна чейин) көчөлөрү;
4-этап: (4-апрелден, 5-апрелге чейин) ички иштер башкармалыгынын поликлиникасы, медициналык факультет, “Ош Электро” ААК, Ош райондук электр тармактары (Ош РЭС), юр. академия, “Барчын” профилактикалык санаториясы, “Мир семьи” поликлиникасы, М-2 Ø500мм.
Байланыш телефондору: 8-52-89, 8-52-52, 0556 085 252.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео