🔹Ош шаарынын тургундарынын кароосуна “Раззаков, Авиценна жана жергиликтүү көчөлөрү менен чектелген аймактын курулуш долбоору” сунушталат.
🔹Курулуш Министрлигинин “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу, жана бекитүү тартиби жөнүндө” курулуш ченемдеринин 1 тиркемесинин 7-пунктуна ылайык Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелген, “Ош шаарынын Раззаков, Авиценна жана жергиликтүү көчөлөрү менен чектелген аймактын курулуш долбоорун” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-январындагы № 12-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шаар куруу документтери боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы № 41-НПА буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин 30-02:2020 7-пунктуна ылайык Ош шаарынын тургундарынын кароосуна сунуш жана толуктоо киргизүү үчүн коюлат.
🔹 Аталган долбоор сунуш жана толуктоо киргизүү үчүн Ош шаарынын тургундарынын кароосуна коюлат. Кошумча маалымат алуу үчүн Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына байланышууга болот
Сунуштар жана ой пикирлер үчүн байланыш телефону: (3222)4-85-37.
