ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын көйгөйлөрү жеринен көрүлдү

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар четинде жайгашкан Озгур айылындагы «Солнечный-Родник» дача конушунда болуп, Төрөбек Абакир уулу, Тутовая, Исанов, Касымов, А.Масалиев көчөлөрүнүн жашоочуларынын балдар аянтчаларын уюштуруу, ички жолдорго асфальт төшөө, социалдык объектилердин жанындагы башаламан унаа токтотуучу жайды алып салуу, суу, газ менен камсыздоо боюнча маселелерин укту.
Мэр мындан сырткары 222, 223-кварталдардын тургундары менен дагы жолугушуу өткөрдү. Мында жарандар тарабынан мүрзө үчүн жай табуу, автобустук каттам ачуу, бала бакчаларды куруу, жолдорду оңдоп-түзөө, суугат суу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Натыйжасында тиешелүү муниципалдык кызматтарга жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео