ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кыргыз-өзбек бизнес-форуму: жаңы өнөктөштүктөргө жол ачылды

Бүгүн, 22-июль күнү, Ош шаарындагы «Jannat Resort» мейманканасында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ишкерлеринин бизнес-форуму өттү.
Форумду Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ачып, форумдун ишине ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга тилектеш экенин билдирди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Кыргызстандын жана Өзбекстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.
Өзбекстандан келген 80ге жакын ишкер катышкан форумда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Ош шаарынын туристтик потенциалы боюнча презентация өтүп, шаардагы туристтик багыттарды өнүктүрүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары катышуучулар Ош шаарында ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык, шаар куруу жана социалдык-экономикалык долбоорлор менен таанышышты.

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео