ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мамлекет башчысы Ош шаарындагы полимер түтүктөрүн чыгаруучу “Эл Пласт” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

📆 Ош шаары, 10-апрель
🔹 Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров шаар мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды.
🔹Өлкө башчысы өнөр жай тармагынын продукцияны даярдоо технологиялык процессин көрүп чыгып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды.
🔹Бүгүнкү күндө ишкана суу менен камсыздоодо, канализацияда жана айыл чарбасында колдонулуучу диаметри 16дан 1200 ммге чейинки түтүктөрдүн кеңири ассортиментин чыгарат. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 15 000 тоннага чейин жетет.
🔹Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган.
🔹2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылды, муну менен катар 100 млн сомдун тегерегиндеги салык төлөндү.
🔹Президент ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого багытталган өндүрүштүк демилгелерди мындан ары да колдоонун зарылдыгын белгиледи.
________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео