Мэр Жанарбек Акаев ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү маселесин талкуулады
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ap тармакта иш алып барган бизнес өкүлдөрүнө жолугуп, ишкердикти өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Жанарбек Акаев өлкө башчысы С.Н. Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында Ош шаарына инвестиция тартуу багытындагы иштер күчөтүлүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер шаар башчысына өз сунуш-пикирлерин жана ыраазычылыгын билдирип, ишкерликти жүргүзүүдө кездешкен айрым маселелерди да көтөрүштү.
Мэр көтөрүлгөн маселелерди кароо жана ишкерлерге көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз уюштурулуп турарын билдирди.