
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош ТВ” муниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, телеканалга жаңы кызматтык унаа белек кылды. Белекке берилген унаа телеканалдын ишмердүүлүгүн жакшыртып, журналисттердин шаардагы коомдук, социалдык жана маданий иш-чараларды ыкчам чагылдыруусуна шарт түзөт.