Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы ишкерлер менен жолугушту. Жыйынга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

