ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр Жанарбек Акаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын аппарат өкүлдөрү, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
🔹 Жарандар негизинен турак жай, курулуш, жер маселеси, коммуналдык кызматтар, коомдук транспорт жана имараттарды бузуу (снос) боюнча көйгөйлөрү менен кайрылышты. Ошондой эле жакында жаңы жайга көчүрүлгөн “Келечек” базарынын соодагерлери инфраструктураны жакшыртуу жана тиешелүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарын айтышты.
🔹 Шаар башчысы ар бир кайрылууга жооп берип, маселелерди чечүү жолдорун кароону тиешелүү кызматтарга тапшырды жана көтөрүлгөн маселелерди жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео