ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулуштарын тездетүүнү тапшырды

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сүйүнбаев, Атабаев, Төлөнов, Санкт-Петербург жана Абдувалиев көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жол жана көпүрөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты.
🔹 Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырма берип, жарандардын, айрыкча балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
🔹 Учурда көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин алкагында эски асфальт катмары алынууда, жолду тегиздөө, жол жээктерин тазалоо, газ түтүктөрүн жана электр мамыларын жылдыруу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле көпүрөлөрдүн тирөөч мамылары бетон менен бекемделүүдө.
🔹 Аталган көчөлөр төрт тилкелүү жол болуп кеңейтилет. Долбоордун алкагында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, скверлер курулуп, көчөлөр жарыктандырылып, ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашыл аймактар көрктөндүрүлөт.

default

default
default
default

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео