ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэрдин рейди: кытайча жарнактарды тартипке салууга бир саат убакыт берилди

Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин катышуусунда чет элдик ишкерлерге карата рейд жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы текшерилди.
Рейддин жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталып, айрым ишкерлерге аларды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди.
Жанарбек Акаев ишкерлерди коомдук тартипти сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так аткарууга чакырды.
“Шаар бийлиги мыйзам чегинде иш алып барган ар бир ишкерди колдойт. Бирок сиздер дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактап, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын сөзсүз аткарышыңыздар керек”, – деди мэр.

Мындай рейддер мыйзам бузуулардын алдын алуу, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыздоо жана шаардагы тартипти чыңдоо максатында мындан ары да улантылат.

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео