Ош шаарынын Набережная көчөсүндөгү № 3 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын жылуулук менен камсыздоо максатында жаңы от казан курулуп, ишке киргизүүгө даярдалды.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жеринен барып, аткарылган иштер менен таанышып чыкты. Ошондой эле тургундардын өтүнүчү менен курулуп жаткан М. Абжалов көчөсүнө чыгуучу кошумча жолдун курулушун көрүп, жашоочулар менен баарлашты.
Белгилей кетсек, аталган үйдүн жашоочулары буга чейин шаар мэрине бир катар маселелер боюнча кайрылышкан. Алардын катарында газ жана таза суу менен камсыздоо, жылуулук системасына кошулуу, жол ачуу, арыктын ордун жылдыруу, техникалык паспорт алуу, үйдүн айланасын көрктөндүрүү, сквер куруу жана таштанды челектеринин санын көбөйтүү маселелери болгон.
Бүгүнкү күндө көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча иштер жүргүзүлүп, жылуулук менен жол маселеси чечилип, калган көйгөйлөрдү чечүү багытында да конкреттүү кадамдар жасалууда.

