Бүгүн, 27-февраль күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте күнүмдүк рейддик кыдырууга чыгып, Ош көчөсүнүн абалы менен таанышты.
Шаар башчысы аталган көчө Ош эл аралык аба майданына алып чыгуучу кошумча көчөлөрдүн бири экенин белгилеп, тиешелүү кызматтарга жеринде кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.
Мындан сырткары, шаар мэри бул көчөдө жайгашкан билим берүү мекемелеринин аймагында курулуп калган коммерциялык курулуштарды бузуу иштерин баштоону тапшырды.