ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаардык Кеңешинин XX сессиясы өтүүдө

Ош шаардык Кеңешинин XX сессиясы өткөрүлүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, шаардык Кеңештин депутаттары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
📌 Күн тартибине:
▫️2025-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө;
▫️Калктын саламаттыгын сактоо багытында медицина мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу;
▫️Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө;
▫️Муниципалдык менчик башкармалыгынын иши тууралуу;
▫️Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 250 млн сом каражатты кабыл алуу жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багыттоо жөнүндө;
▫️Муниципалдык ишканалардын жыйымдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу;
▫️Шаар аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө;
▫️Коомдук транспорттун жол акы тарифине өзгөртүү киргизүү боюнча;
▫️Айрым географиялык объекттерге ат берүү маселеси;
▫️Ипотекалык турак-жай берүү тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу;
▫️Муниципалдык жана мамлекеттик менчиктерди өз ара өткөрүп берүү маселелери;
▫️“Достук” кичи шаарчасындагы айрым көрүстөндөрдү жабуу боюнча;
▫️Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
▫️ Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасын бекитүү жөнүндө маселелер коюлду.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео