Ош шаарында Universidad Europea del Atlántico университетинин кампусун ачуу маселеси талкууланды

Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев жана мэриянын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин өкүлдөрүн кабыл алышты.
Жолугушууда университеттин өкүлдөрү Ош шаарында окуу жайдын филиалын ачуу жана кампус куруу демилгесин сунуштап, долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчүн билдиришти.
Өз кезегинде мэрия демилгени колдой турганын билдирип, ылайыктуу жер тилкелеринин мүмкүн болгон варианттарын сунуштоого даяр экенин белгиледи.
Долбоорду ишке ашыруу шаарга чет элдик инвестицияларды тартууга, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Ош шаарынын, ошондой эле коңшу аймактардын жаштары үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Маалыматка ылайык, учурда университет Кыргызстанда кампус ачуу үчүн Ош, Бишкек шаарларын жана Ысык-Көл аймагын караштырууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди жакынкы аралыкта баштоо ниетин билдиришти.

Окшош жаңылыктар

images (1)

Чубак ажы ​Жалилов көчөсүндө иш кызуу!

images

Ош шаарында электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштар

912982521_1489697656682460_6136409448015179834_n

Ош шаардык Кеңешинин XXIII сессиясы болуп өттү

912747731_1489697640015795_6507748834344957320_n

Ош шаардык Кеңешинин XXIII сессиясы өтүүдө

912688162_2238785397052641_7063667481131956568_n

Ош шаарында дагы бир жол тилкеси убактылуу жабылат

912660949_1055258696972819_3731568175105473570_n

Жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет