ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарына жаңы 100 даана автобус келди

Нооруз майрамынын алкагында жаңы келген автобустар расмий тапшырылды.

Келген автобустарды жана жол техникаларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” заводунун өкүлдөрү шаар тургундары менен биргеликте көрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, жаңы автобустар Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан лизинг аркылуу алынган. Автобуста жалпы 25 олтургуч болуп, сыйымдуулугу 55-60 жүргүнчүгө ылайыкталган. Жакынкы убакыттарда шаар ичиндеги төрт багыт боюнча каттамга чыгарылат.

Муну менен катар жол эрежесин бузган жана айып пулун төлөбөй жүргөн же издөөдөгү унааларды аныктоочу беш даана кызматтык авто унаа берилди.

Ошондой эле шаардын муниципалдык ишканалары үчүн сатып алууга пландалган атайын жол техникаларынын айрым түрлөрү көрсөтүлдү.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео