ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө боюнча форум өттү

Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган “Тарбия башаты – үй-бүлөдөн башталат” аталышындагы форум өткөрүлдү. Форумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, билим берүү тармагынын кызматкерлери, психологдор жана ата-энелер катышты.
🔹 Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун психологу Гүлзат Исабекова өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине психологиялык колдоо көрсөтүп, практикалык кеңештерин берди.
🔹 Жыйынтыгында ата-энелер менен мектептердин өз ара байланышын чыңдоо, балдардын психологиялык абалын туруктуу көзөмөлдөп туруу жана алдын алуу иштерин системалуу жүргүзүү боюнча бир катар сунуштар иштелип чыкты.
🔹Форумдун негизги максаты – үй-бүлөдөгү тарбиянын ролун жогорулатуу, өспүрүмдөрдүн психоэмоционалдык абалына көңүл буруу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө аркылуу коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат. Бул сыяктуу иш-чаралар коомдогу үй-бүлөнүн ролун арттырып, балдардын туура тарбия алуусуна өбөлгө түзөрү белгиленди.
🔹 Белгилей кетсек, 2026-жылдын 13-17-апрель күндөрү Ош шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуган өспүрүмдөрдүн психоэмоционалдык абалына баалоо жүргүзүлөт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео