ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында өткөрүлгөн ишембиликте 1040 куб таштанды чыгарылды

Ош шаарынын аймагында өткөрүлгөн жалпы ишембиликте жалпысынан 199,6 гектар жер аянты тазаланып, 1040 куб таштанды чыгарылды. Ошондой эле 21710 метр узундуктагы ирригациялык арыктар тазаланып, суу өткөрүү системалары иретке келтирилди.
🔹 Бул жолку ишембиликке мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, жергиликтүү тургундар, жалпы 24202 жаран активдүү катышып, шаардын тазалыгын сактоого өз салымдарын кошушту.
🔹Мындан сырткары рекультивацияланган эки көрүстөнгө жана шаар аймагындагы көчөлөргө 8769 түп ийне, жазы жалбырактуу жана мөмө берүүчү көчөттөр, гүлдөр отургузулду жана негизги басым шаар аймагындагы бак-дарактарды актоо иштерине жасалды.
🔹 “Жашыл мурас” улуттук демилгесин жайылтуу максатында жарыяланган Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын алкагында ишембиликтер 31-майга чейин уланат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео