ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында өзгөчөлүгү бар балдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык чемпионаты башталды

А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу, “Спорт баары үчүн!” ураан алдында өзгөчөлүгү бар балдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык чемпионатына бүгүн старт берилди.

Чемпионаттын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Түркиянын TOSSFED атайын спортчулардын спорт федерациясынын президенти Бирол Айдын Мырза, «Сантерра-Юг» Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелери» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова катышышты.

Мелдештерге жалпы Кыргызстандын аймактарынан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия өлкөлөрүнөн келген Даун синдрому, аутизм жана башка менталдык жактан өзгөчөлүгү бар 200гө жакын балдар катышып, алар эки күндүн ичинде категорияларга ылайык, бекитилген аралыкта чуркашат.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана демөөрчүлөрдүн баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.

Белгилей кетсек, аталган спорттук иш-чара Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кыргызстан атайын спортчулардын федерациясы (КАСФЕД) тарабынан уюштурулду.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео