ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында 13 үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында жашаган 13 үй-бүлөгө чакан ишкердигин баштоо үчүн товарларды жана жабдууларды сатып алууга сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, үй-бүлөлөр гендердик стереотиптерди жана басмырлоону жоюуга, зомбулукту азайтууга багытталган «Татыктуу жашоо» долбооруна катышкан.

Аталган долбоор Ош шаарынын мэриясы менен «ДИА» коомдук фонду, “Alert International” уюму жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылууда.

Долбоордун катышуучулары өздөрүнүн социалдык укуктарын коргоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча тренингдерге катышкандан кийин чакан ишкердигин жүргүзүү, грант алуу үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгышкан.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео