ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында 2026-жылдын бюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү

📆 Ош шаары, 27-февраль
🔹 Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу болуп өттү. Ага шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Кушбак Шайиев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ААБ, МАБ башчылары, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер жана шаар тургундары катышты.
🔹 Коомдук угууда Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Кушбак Шайиев Ош шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жана артыкчылыктуу багыттары боюнча кеңири маалымат берди.
🔹 Ошондой эле, 2026-жылга карата бюджеттин жарандык анализи боюнча “Интербилим эл аралык борбору” коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын жетекчиси Гульгакы Мамасалиева баяндама жасап, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы бюджетинин эффективдүүлүгү боюнча жүргүзгөн жарандык мониторингдин жыйынтыгы боюнча билдирди.
🔹 Жыйындын жүрүшүндө шаар тургундары, активисттер сөз сүйлөп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарттарды жакшыртуу, социалдык коргоо боюнча каражаттарды көбөйтүү, Алай 1, Алай 2 конуштарынын инфраструктурасын оңдоо, айыл аймактарында кош каржылоо долбоорун жеңилдетип берүү жана шаардагы коомдук транспорттун жүрүү жолдорун тартипке келтирүү, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо, ички жолдорду оңдоп-түзөө, экологиялык, тазалык маселелери боюнча бир топ сунуштар айтылды.
🔹 Шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жарандардын бардык кайрылууларын эске алып, алардын сунуштарын шаардык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүүнү тапшырды.
🔹 Белгилей кетсек, 2026-жылдагы бюджетинин долбооруна ылайык, быйыл шаардын бюджети 5 млрд 205 млн 536 миң 400 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын бюджетине салыштырмалуу 1 млрд 780 млн 222 миң 600 сомго көп.
🔹 2026-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга, коргонуу, экономикалык маселелер, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, эс алуу, спорт жана маданият, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарына сарпталмакчы.
___________________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео