ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди

Ош улуттук драма театрында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарындагы бардык тармактардан 700 айым чакырылып, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, аруулуктун символу болгон аялзатын майрамы менен куттуктады.
🔹 Шаар башчысы убагында эл үчүн кызмат өтөгөн ардактуу апаларга ыраазычылыгын айтып, аялзатына урмат-сый көрсөтүү менен статусун көтөрүү керектигин билдирди. Аялдардын саламаттык сактоодо, билим берүүдө, өндүрүштө, маданиятта, спортто, ишкерликте – кайсы гана тармак болбосун, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы чоң экендигин жана шаардын тазалыгын камсыздап, жашылдандыруу иштерин колго алган апалардын эмгегин баалап, маянасын көтөргөндүгүн белгиледи.
🔹 Майрамдык иш-чаранын алкагында Кыргызстандын белгилүү айымдары тууралуу сахналык көрүнүш көрсөтүлүп, энелерди даңктаган, аялзатын барктаган, жаз, сулуулук, сүйүү ырлары жаңырып, концерттик программа менен коштолду.
🔹 Бул күнү аялзаты – мээрим менен кайраттын, аруулук менен сулуулуктун, сабыр менен күчтүн айкалышы экендиги даңазаланып, майрамдык шаң тартууланды. Ошондой эле ийгилик жараткан айымдарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы ыйгарылып, иш-чарага чакырылгандарга мэрия тарабынан атайын белектер тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео