ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтүп жатат

Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы майрамдык иш-чаралардын алкагында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында «Келечек» балдардын чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, балдар үчүн чыгармачылык мастер-класстар, сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Ошондой эле, балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кыска аралыкка чуркоо, аркан тартыш, шахмат, тогуз коргоол, армрестлинг боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Асфальтка сүрөт тартуу боюнча сынактын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар жана белектер менен сыйланышты.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борборунда, Ош облустар аралык балдар ооруканасынын онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдардан кабар алышып, Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай жардамдар жана белектер тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео