ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында бир күндө 3 мини-футбол талаасы пайдаланууга берилди

📆 Ош шаары, 5-май
🔹 Бүгүн Ош шаарында спорт тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү. Бир күн ичинде 3 жаңы мини-футбол талаасынын салтанаттуу ачылышы болуп, пайдаланууга берилди.

🔹Ачылган спорттук жайлар:
Сай-Боюу көчөсүндөгү мини-футбол талаасы;
XXIV Партсъезд атындагы №27 жалпы билим берүү мектебинин футбол талаасы;
А.С. Пушкин атындагы №21 мектеп-гимназиясынын футбол талаасы.

🔹 Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, балдар жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, футболду массалык түрдө өнүктүрүү шаар жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

🔹 «Учурда Ош шаарында 17 жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Биз ар бир жаңы билим берүү мекемесинде заманбап футбол талаасынын болушун милдеттүү түрдө карайбыз», – деди Жанарбек Акаев.

🔹Ошондой эле мэр Сай-Боюу көчөсүндөгү спорттук комплекстердин абалы жакшырып жатканын белгилеп, келечекте бул аймактын толук кандуу спорттук шаарчага айланарын кошумчалады.

🔹Иш-чаранын алкагында шаар башчысы «Алай» профессионалдык футбол клубунун шарттары менен таанышып, машыктыруучулар курамы менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо клуб үчүн түзүлгөн шарттар жана машыгуу базаларынын учурдагы абалы талкууланды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео