ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында быйыл 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

Бүгүн, Ош шаарында шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаардык автобекет тарабындагы Курманжан-Датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулду.
Көчөт отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев катышып, быйылкы жылы шаарга 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалып жатканын билдирди.
Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2024-жылы шаарга 300 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал, можжевельник, туянын эки түрүн отургузуу болжолдонууда.
Ошондой эле шаардын жол жээктерине, жашыл аймактарына, эс алуу бактарына, аллеяларга 20 миңге жакын бадал, 20га жакын гүлдүн 1,5 миллиондон ашуун түрү отургузулат.
Мындан тышкары, административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган айылдарда жана шаар четиндеги аймактарда мекеме-ишканалар жана жергиликтүү тургундар тарабынан 280 миңге жакын ар кандай сорттогу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулмакчы.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео