ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, Бабур атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Сыйлоо аземине Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров катышып, спортчуларга жаңы ийгиликтерди багындыруусун каалашты.

Ошондой эле өткөн жылы эл аралык мелдештерде бир топ ийгиликтерге жетишкен 38 спортчу, анын ичинен 12 машыктыруучу жана спорттун ардагерлери, Ош шаарында спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын төш белги, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында спортчулар өз чеберчиликтерин көрсөтүшүп, маданият кызматкерлеринин катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео