ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Энелер күнү салтанаттуу белгиленди

🔹 Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын мэриясында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, баатыр энелер, мамлекеттик жана коомдук ишмер аялдар катышышты.
🔹 Жанарбек Акаев өз сөзүндө энелер тынчтыктын, биримдиктин жана жылуулуктун символу экенин белгилеп, кыргыз элинин энени барктаган бир канча макалдарын атап, мисал келтирди. Ошондой эле энеде баладан артык эч нерсе жок экенин айтып, акын Мелис Маматжановдун “Апакемдин алмасы” чыгармасын энелерге көркөм окуду.
🔹 Иш-чаранын аягында ар тараптуу аялдарга шаардык мэриянын атынан белектер ыйгарылды.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео