Ош шаарында көрктөндүрүү иштеринин алкагында гүл көчөттөрүн отургузуу акциясы өттү
Бүгүн Ош шаарында көрктөндүрүү иштеринин алкагында гүл көчөттөрүн отургузуу акциясы уюштурулду. Акциянын алкагында шаардын Абдыкадыров көчөсүнө 15000 ден ашуун гүлдөр отургузулду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, мындай демилгелер шаар тургундары үчүн жагымдуу жана кооз айлана-чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болорун билдирди.
”Шаардын көркү гүлдө, элдин көркү маданиятта”деген аталыштагы бул иш-чара Оштогу көрктөндүрүү жана жакшылдандыруу чарба комбинаты тарабынан уюштурулуп, ага “Азем” маданий борбору катышты.