ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тармактын кызматкерлери катышты.
🔹Шаар башчысы коммуналдык чарба тармагы шаар турмушунун туруктуу иштешин камсыздап, калктын жашоо сапатына түз таасир эткен маанилүү тармак экенин белгилеп, тармак кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Ошондой эле 2026-жылы алардын айлык маянасын эки эсеге жогорулатуу чечими кабыл алынганын билдирип, эмгегин татыктуу баалоого өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
🔹Майрамдык салтанатта тармакта үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, Ыраазычылык баракчалары менен сыйланып, мэрдин атынан 13 кызматкерге Ташкент шаарына жолдомо, 10 кызматкерге ден соолугун чыңдоо үчүн Мамакеев санаториясына жолдомо ыйгарылды жана 8 коммуналдык ишканага акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео