Ош шаарынын мэриясында бүгүн, 9-августта куруучулардын кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи өттү.
Шаардын курулуш тармагында эмгектенген кызматкерлерди Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев куттуктап, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон алгылыктуу салымдарын белгилеп, өз ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Куруучулар күнү жыл сайын августтун экинчи жекшембисинде белгиленет.