ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, Бабур атындагы Ош драма театрында Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оштогу координатору Шаятбек Абдурахманов, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, медицина кызматкерлери катышты.
Бакытбек Жетигенов ак халатчандардын кесиптик майрамы менен куттуктап, ак кызматын элдин ден соолугу үчүн жумшаган өмүр сакчыларына ийгиликтерди каалады.
Саламаттыкты сактоо тармагынын отличниги, медицина кызматынын ардагерлери, ошондой эле эмгеги менен айырмаланып, саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңештин, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар жана төш белгилери менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, Республиканын дарыгерлери жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өздөрүнүн кесиптик майрамын — Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.
Ош шаарында 3,5 миңге жакын медицина кызматкери болсо, анын ичинен 6 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, 6 илимдин доктору, 14 медицина илимдеринин кандидаты, 224 саламаттыкты сактоонун отличниги.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео